Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Артыкбаев: Жарык өчүрүлбөйт, бирок үнөмдөө керек


Кыргызстанда учурда электр энергиясына чектөө жок. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Ал Казакстанда жаңы подстанция ишке берилгенине байланыштуу Кыргызстандын түндүк аймактарында айрым чектөөлөр болгонун, бирок азыр маселе чечилгенин айтты:

- Кыргызстандын түндүгү электр энергиясын Өзбекстан, Казакстан аркылуу алат. Үч күн мурун Казакстан "Батыш Казакстан" деген подстанциясын ишке киргизип, бизге энергиянын келишин азайтып койду. Буюрса, биз бүгүн, эртең жана алдыдагы күндөрү чектөө киргизбей, электр энергиясы менен камсыз кылабыз.

Министр ошондой эле электр энергиясын үнөмдөө керектигин айтууда.

Энергетика тармагындагы абал бүгүн өкмөттө да талкууланды. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев үйүн, сауналарын электр менен жылыткан абоненттерди өчүрүүнү буюрду. (RK)

XS
SM
MD
LG