Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Волгограддагы кыйраканда набыт болгондор жайга бериле баштады


Волгограддагы эки калаймандан өлгөндөрдүн саны 34кө жетти. Чукул кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, 29-декабрда темир жол вокзалындагы жанкечти бомба жардырганда оор жараат алган бир адам жана эртеси троллейбуста болгон жардырууда жараат алган дагы бир адам каза тапты. Муну менен вокзалдагы апааттан 18-адам, тролейбустагы кыянаттыктан 16-адам өлдү. Бүгүн бомба чабуулунда курман болгондордун биринчи тобу Волгоградда жайга берилди.
Орус бийликтери шаардагы коопсуздукка көз салуу үчүн 5200 полициячыны жана Ички иштер министрлигинин аскерлерин жайгаштырды. Волгограддын губернатору Сергей Боженов полицияга ыктыярдуулар, ошондой эле казак орустары да жардамдашып жатканын билдирди: “Ырас, бүгүн казак орустары полиция менен бирге көчөлөрдө күзөткө чыгышты. Казак орус ыктыярчылардын саны көбөйүүдө.

АКШ өкмөтү Волгоград шаарындагы бомба чабуулдарынан улам Орусияга Сочи олимпиадасынын коопсуздугун камсыздоодо “тыкыс кызматташууну” сунуш этти. Сочи олимпиадасы 7-февралда башталат.

XS
SM
MD
LG