Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Атамбаев: "Хан болом" деп мекенибизди тытмалабагыла


Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн Жаңы жылдык куттуктоосунда элди биримдикке чакырды. Бийликке умтулгандарды өлкөгө жардам берүүгө үндөдү. Ал өз сөзүндө "Ар кайсы жактан мекенибизди “хан болом”, “бай болом” деп тытмалабай, - ар бирибиз мекенибизге жардам берели! Анткени биз башка жерде бактылуу боло албайбыз. Кыргызстан жок болсо, кыргыз жок болот!" деди.

Оппозиция азыркы бийликти сындап, анын кетүүсүн талап кылып келет. Алмазбек Атамбаев кийинки шайлоо өз мөөнөтүндө өтөөрүн, бийликке умтулгандар мыйзам чегинде шайлоого даярдануусу керектигин, бул үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөнүн айтып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG