Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Атамбаев: Өткөн жыл оңой болгон жок


"2013-жыл оңой болгон жок", - деди мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кечээ кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктап жатып. Президенттин айтымында, Кыргызстан "далай кыйынчылыктардан, сыноолордон өттү, бирок, кандай болсо да жаңы баскан балага окшоп бутуна турду, чыныгы эгемендүүлүккө карай биринчи кадамдарды жасады".


- Бул кадамдардын натыйжасында өлкөбүздүн экономикасында жылыштар башталды. Өткөн жылдын жыйынтыгын алсак, Кыргызстан ички дүң продукциясынын өсүшү боюнча шериктеш өлкөлөрдүн баарынан ашып, биринчи болду, - деди Атамбаев


Президент ошондой эле "эл бузарларды ээрчибей, жол тосоорлорду жолотпой, ууруну коргобой улутту коргогондор көбөйүп баратат", - деди. (RK)

XS
SM
MD
LG