Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Өкмөт: Ички дүң өнүм 10% болду


Өткөн жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмү 2012-жылга салыштарганда 10% өстү. Бул тууралуу өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин Жаңы жылдык куттуктоосунда айтылат. Премьер-министрдин билдиргенине караганда, өткөн жыл Кыргызстан үчүн оңой болгон жок, бирок ага карабастан саясий жана экономикалык стабилдүүлүк камсыз кылынды. Ошондой эле өкмөт башчы бюджетке мурдагы жылга салыштырганда 14 млрд сомго көп киреше чогулганын, жалпы бюджет 92 млрд сомдон ашканын айтты. Сатыбалдиевдин айтымында, өнөр жай, айыл чарба, курулуш, соода, туризм, тейлөө тармактарында өсүү болду.

Серепчилердин пикиринде, жыл жыйынтыгын чыгарууда экономикалык көрсөткүчтөр дурус болгону менен финансы жана салык жагында абал өтө оор бойдон калууда. Маселен, он айдын ичинде ички дүң өнүм 9 пайыздан ашуунга өскөнү менен бюджетти аткаруу мүмкүн болбой, өкмөт аны кыскартууга аргасыз болду.(RK)

XS
SM
MD
LG