Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Латвия евромейкиндикке кошулду


Премьер-министр Валдис Домбровскистин айтымында, евро акчага өтүү “Латвиянын экономикалык өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк түзөт”. Дүкөндөрдө 15-январга чейин улуттук акча лат алына берет, бирок ашык төлөнгөн сумма евро менен кайтарылат. Алты ай бою коммерциялык банктарда 1 евро 0, 70 латка бекер алмаштырылат. Банктардагы аманат акча автоматтык түрдө еврого которулат.
2 миллион калктуу Латвия евромейкиндиктин 18-мүчөсү. Экс-советтик өлкөлөрдөн буга чейин Европа монетардык союзуна Эстония кошулган.

Соңку сурамжылоолорго караганда, элдин бештен бири гана еврого өтүүгө сүйүнгөнүн көрсөткөн. Көпчүлүк азык-түлүктүн баасы дагы кымбаттайт деп кооптонот.

XS
SM
MD
LG