Пакистандын мурдагы аскерий диктатору Первез Мушаррафтын соту башталды. Бирок 1-январда Исламаббадда атайын трибуналга Мушарраф өмүрүнө коркунуч болгондуктан келбегенин анын адвокаттары билдирди. 70 жаштагы мурдагы генерал 2007-жылы ноябрда өлкөдө чукул кырдаал абалын киргизип, чыккынчылык кылган деп айыпталууда. Бул айыптоо тастыкталса, Мушарраф атууга өкүм болушу же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал 1999-2008-жылы бийликте отурганда башка да мыйзамсыздыктарды жасаган деп күнөөлөнүүдө.
30-декабрда полиция Исламабаддын четиндеги Мушаррафтын үйүнө кеткен жолдо 2, 5 килолук жардыргыч затты жок кылган. Экс-диктатордун 24-декабрдагы соту да бомба чабуулу болот деген коркунучтан улам болбой калган.