Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Жамансариев: Соттун жылдырылуусу мыйзамсыз


Апрель сотунун белгисиз мөөнөткө жылдырылуусуна байланыштуу соттук териштирүү жаңы жылдык эс алуулардан кийин болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” апрель окуясынын жабырлануучуларынын адвокаты, “Мекен шейиттери” коомдук уюмунун төрагасы Осунбек Жамансариев билдирди. Анын айтуусунда, Бишкек гарнизондук аскер сотунун апрель окуясы боюнча сотту белгисиз мөөнөткө жылдыруу чечими жакынкы күндөрү Аскердик сот тарабынан каралышы күтүлүүдө.

Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткан экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун адвокаты соттон “издөөдө жүргөн кишини соттоонун мыйзамдуулугун” аныктап берүүсүн өтүнүп, Конституциялык палатага кайрылган. 24-декабрдагы соттук жараянда ал Конституциялык палата өз чечимин чыгарганга чейин сот отурумун токтото турууну өтүнгөн. Апрель сотуна төрагалык кылган Дамир Оңолбеков 24-декабрда өтүнүчтү канааттандырып, соттук отурумду белгисиз мөөнөткө жылдырган. Буга байланыштуу жабырлануучулар менен алардын адвокаттары судья Оңолбековдун чечимин жокко чыгаруу үчүн жогорку сот бутагына – Аскердик сотко кайрылган.

Апрель окуялары боюнча 28 адамга “куралсыз элге ок аткан” деген айып тагылып, мурунку президент Курманбек Бакиев, мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов баштаган бир нече адамга эл аралык издөө жарыяланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG