Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Ошто ымыркайын сатты деп шектелген жарандын жубайы каза тапты


Ошто жаңы төрөлгөн ымыркайын сатты деп шектелген жарандын аялы, баланын энеси Умида Ашурова эсине келе албай ооруканада каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. 35 жаштагы келин Өзбекстандын Дардак айылында туулган. 6-декабрда көз жарып, эки күндөн кийин ооруканага жатып калган. Каны аз болгондуктан эс-учун жоготуп, ошо бойдон өзүнө келе албай жаткан. Бүгүн эртең менен каза тапты.

Замир Сыдыковдун айтымында, Өзгөндүн Шерали айылында убактылуу жашап жаткан Өзбекстандын 40 жаштагы жараны жаңы төрөлгөн баласын 30 миң сомго сатып, акчасын алып, ымыркайды өткөрүп берип жаткан жеринен 30-декабрда кармалган. Бул акчага ал Орусияга кетмей болуп жатканын айтууда. Үйүндө дагы эки баласы бар бул жаран мурда соттолбогону, эч жерде иштебей жүргөнү аныкталды.

Учурда тартип коргоо органдары бала кандайча атасынын колуна берилип калганын териштирип жатат. Ага карата кылмыш иш "адам сатуу" беренеси боюнча козголду. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG