Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлигине талапкерлер кыргыз тилинде эркин сүйлөй алышы керек. Тил билүү деңгээлин аныктоо үчүн ар бир шаарда атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн жергиликтүү шайлоо комиссияларынан кабарлашты. Шайлоо 15-январда өтөт. Талапкерлерди шаардык кеңештердеги фракциялар, коалициялар жана премьер-министр көрсөтө алат. Талапкерлер боюнча арыздар 8-январга чейин кабыл алынат. (ZB/RK)