Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:43

Кыргызстан Берлиндеги "Жашыл жумалыкка" катышат


Кыргызстан Берлин шаарында өтө турган экологиялык таза азык-түлүктүн жарманкесине катышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучулар кабарлашты. Жарманке 17-январда башталып 26-январда жыйынтыкталат. Иш-чара жалпы аянты 115 миң чарчы метрлик Messe Berlin көргөзмө комплексинде өтөт. Кыргызстан үчүн 50 чарчы метр аянт бөлүндү. Белгилүү "Шоро", "Артезиан", "Кыргыз коньягы" компаниялары менен катар эл аралык рынокко эми гана чыга баштаган фирмалар да Берлинге камданууда. Алардын арасында жалалабаддык "EUM", "Токой азыгы", баткендик "Алыш-Дан" жана көлдүк "Бир айыл - бир азык" ишканалары бар.

Берлиндеги көргөзмөгө Кыргызстан ушуну менен алтынчы жолу катышканы жатат. Иш-чаранын алкагында 200гө жакын өлкөнүн айыл чарба министрлери катышкан чоң жыйын өткөнү жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG