Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Иракта куралчан козголоңчулар полициянын бир нече бекетине чабуул коюшту


Анбарда сунни козголоңчулары аскерлердин чабуулунан кийин жолду жабыш үчүн желим күйгүзүшкөн, 30-декабрь, 2013
Анбарда сунни козголоңчулары аскерлердин чабуулунан кийин жолду жабыш үчүн желим күйгүзүшкөн, 30-декабрь, 2013
Анбар провинциясындагы тополоң тууралуу алгач кечээ кабар түшкөн. Исламчыл козголоңчулар Фаллужа жана Рамади шаарларындагы бир нече полицияканага чабуул жасап, коопсуздук күчтөрү менен атышканы айтылат. Жергиликтүү тургундардын айтымында, козголоңчулар полициянын курал-жарагын уурдап, айрым камакта жаткандарды бошотушту.

Полициянын бекеттерине чабуул Анбардын губернатору дүйшөмбүдө киргизген коменданттык саатты алып салгандан бир нече сааттан кийин башталган. Өзгөчө режим негизинен суннилер жашаган бул провинцияда алардын нааразылык лагерине коопсуздук күчтөрү чабуул коюп, аларды күч менен таркаткандан кийин киргизилген болчу.

Соңку окуялар бул вилаетте басымдуулук кылган суннилер менен президент Нури ал-Маликинин шийи өкмөтүнүн ортосундагы тирештин соңку мисалы катары аталууда.

XS
SM
MD
LG