Эл аралык эвакуация операциясына жооптуу Австралиянын Деңиз коопсуздугу башкармалыгынан кабарлашкандай, изилдөөчүлөр, журналисттер жана туристтерден турган жүргүнчүлөрдү 12 адамдан Кытайдын тик учагы менен Австралиянын жакын жердеги кемесине жеткиришти. Аларды изилдөөлөр үчүн ташып барган орус кемеси Антарктидада 25-декабрда музга тыгылып калган эле. Кеменин экипажынын 22 мүчөсү анда калаары айтылууда.