Ливандын баш калаасынын түштүк жагында, “Хезболла” шийи тобунун күчтүү көзөмөлүндөгү жерде бүгүн катуу жардыруу болду. Кеминде беш киши мүрт кеткени кабарланууда. Аймакты түтүн каптаганы, бир нече машине күйүп, жардыруу болгон жердеги имараттын айнектери күүлүп түшкөнү айтылды. Сириядагы жарандык согуштан улам Ливандын баш калаасындагы суннилер менен шийилердин карама-каршылыгы күчөгөн. Соңку айларда Бейрутта жардыруулар көбөйгөнүн да ушуну менен түшүндүрүп келатышат.