Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Бейрутта жардыруудан төрт киши курман болду


Ливандын баш калаасынын түштүк жагында, “Хезболла” шийи тобунун күчтүү көзөмөлүндөгү жерде автоунаага коюлган бомбанын жарылуусунан төрт киши өлдү.

Мурдараак маалымат каражаттары өлгөндөрдүн саны беш киши деп айтып жатышкан. “Хезболланын” ал-МанераТВ телеканалы аймакты түтүн каптаганын, бир нече машине күйүп, жардыруу болгон жердеги имараттын айнектери күүлүп түшкөнүн, ошондой эле дагы бир нече имараттар жабыркаганын көрсөттү.

Сириядагы жарандык согуштан улам Ливандын баш калаасындагы суннилер менен шийилердин карама-каршылыгы күчөгөн.

XS
SM
MD
LG