Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Керринин Жакынкы Чыгыштагы сапары уланууда


АКШ мамткатчысы Жон Керри жума күнү Палестин лидери Махмуд Аббас менен Рамаллада жолугушары күтүлүүдө. Мурдараак Аббас Израилдин Батыш Иордандын жээгиндеги үйлөрү Тель-Авивдин жарашуу ниети жоктугун билдирет деп айткан эле.

Бейшембиде Керри менен жолугушууда Израил премьер-министри Биньямин Нетаняху Аббасты Израил бошоткон палестиндерди кабыл алганы үчүн сындады. Керри Израил менен Палестин тынчтык келишимине баруу үчүн оор чечимдерди кабыл алышы керектигин айтты:

- Тынчтык келишими негизги көйгөйлөрдү чечүүчү чоң чечим болмок. Ал тараптардын кайда баратканын жана андан кандай натыйжа чыгарын көрсөтүп туруучу параметрлерди аныктамак. Бул чек ара, коопсуздук, качкындар, Иерусалим камтылган эң негизги маселелердин баарын чечип, чыр-чатактардын жана талаптардын бүтүшүнө алып келмек.

Керри 2013-жылы март айында Мамлекеттик департаменттин башчылыгына келгенден бери Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин жандандыруу максатындагы иштер менен аймакка 10-жолу келип отурат.

XS
SM
MD
LG