Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Сүрөттүн уурдалышына байланыштуу министрликте комиссия иштөөдө


Белгилүү сүрөтчү Иван Айвазовский тарткан картинанын Бишкектеги Көркөм өнөр музейинен уурдалганына байланыштуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде атайын комиссия иштеп жатат. Министрликтин Көркөм өнөр музейи боюнча куратору Дамира Алышбаеванын "Азаттыкка" билдиришинче, бул окуя баардык музейлерге жана бийликке сабак болушу керек:

- Биз атайын комиссия түздүк. Себеби бул келечекте боло турган кокустуктарга каршы белги болушу керек. Музейде Айвазовскийдин сүрөтүнөн башка да Франциядан келген, Орусиядан келген сүрөттөр, анан да кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн дагы канчалаган баалуу эмгектери сакталып турат. Эми мындан ары дагы уурулук кайталанбашы үчүн кандай аракеттерди жасаш керектигин карап көрүшүбүз керек.

Залкар сүрөтчү-маринист Иван Айвазовскийдин бийиктиги 53, туурасы 43 сантиметр келген "Крымдагы деңиз пейзажы" сүрөтү 1866-жылы жаралып, Кыргызстанга 1955-жылы Москвадагы Третьяков галереясынан алынып келинген. Ал кезде СССРдин Маданият министрлиги аны 10 миң советтик рубль деп баалаган.

Полотно 27-декабрга оогон түнү, музейдеги жаңы жылдык отуруштан соң уурдалган. Сүрөт илинип турган рамкадан олдоксон кесилип алынган. Азырынча бул сүрөттүн баасы эки миллион сом деп болжолдонууда. (SA/RK)

XS
SM
MD
LG