Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Муфтий: Ажылыкка кызыккан, муфтийликти алгысы келгендер бар


Кыргызстанда муфтийлик кызматты көздөп жаткандар бар. Мындай пикирин бүгүн Борбордук мечитте өткөн жума намазда муфтий Рахматулла Эгембердиев билдирди. Ал "ажылыкты алгысы келгендер, ажылыктан тыйын ала албай калгандар" да болушу мүмкүн деген оюн айтты. Ошондой эле, Эгембердиевдин айтымында, "акыркы учурда дүйнө жүзүндө исламды, мусулмандарды каралоочу күчтөр пайда болду".

Ал Интернетте өзүнө байланыштуу тараган тасма боюнча түшүндүрмө берип, эгер күнөөсү болсо, эл алдына чыкпай коймок экенин айтты.

- Кыргызстанда да диний кызматкерлерди, мусулман аалым, уламаларды көрө албай, ушундай жаман ишке барып жаткан күчтөр жок эмес, - деди муфтий.

1-январда интернетте муфтий жаш аял менен сүйүү ышкысына батып жатканы жашыруун тартылган тасма тараган. Социалдык тармактардын колдонуучуларынын көбү аны сындап, тасмадагы аял ойношу деген пикир жазган. Бирок муфтий ал аял ак никелүү жубайы экенин, экөө төрт жылдан бери чогуу жашаарын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG