3-январда Израилдин Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө алыска учкан ракеталарды кармоочу Arrow-3 системасын сыноо ийгиликтүү ишке ашканы айтылат.
Министрликтин өкүлү Яир Рамати өркүндөтүлгөн система толугу менен сыноодон өткөнүн айтып, бирок анын өзгөчөлүгүнө токтолгон жок. Системаны Израилдин Aerospace Industries менен АКШнын Boeing компаниялары өркүндөткөн.
Сыноо Кошмо Штаттардын мамкатчысы Жон Керри Израилге келген маалда болду. Жаңы система 2016-жылдан баштап ишке киришет деп айтылууда. Буга чейинки Arrow II системасы он жылдан ашуун мурда колдонула баштаган жана 90% ийгиликке жетишкен.
Израилдин коргонуу системасы Ливандагы козголоңчул «Хезболла» тобунан, Иран жана Сирия тараптан болчу ракеталык соккуга каршы колдонулат.