Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Түркиянын соту эки күрт депутатты бошотту


Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбакыр шаарында сот согушкерлер менен байланышы бар деп айыпталган эки күрт улутундагы депутатты бошотту. Өлкөнүн Конституциялык соту жума күнү шайланма жогорку кызматтагы адамдардын укугу бузулган деген чечим чыгарды.

Конституциялык сот ар бир депутатка 1400 доллардан компенсация төлөп берүүнү буйруду. "Тынчтык жана демократия" партиясынын мүчөлөрү Ибрагим Айхан менен Гүлсер Йылдырым 2010-жылы тыюу салынган Күрд жумушчу партиясы менен байланышта деп айыпталып, абакка кесилген.

Күрд жумушчу партиясы – 30 жылдан бери Түркиянын түштүк-чыгышында өз алдынча жумурият куруу үчүн күрөшүп келет. Козголоңчулардын ар кандай кол салууларында 45000 кишидей набыт болду.

XS
SM
MD
LG