Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:40

Вашингтон Иракта козголоңчуларга күч колдонулганын айыптады


Иракта коопсуздук күчтөрү исламчыл козголоңчуларды күч менен басканын Вашингтон катуу айыптады. Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мари Харф: "Албетте биз бул зордук-зобунду катуу айыптайбыз. Бирок ал үчүн ким жооптуу деген маселеде так болушубуз керек: мунун артында террористтер турушат, - деди. - Ошон үчүн биз ушул коркунучтарга каршы күрөштө Ирак өкмөтүнө өнөктөш болуп, жардам берип жатабыз".

Мамдепартаменттин билдирүүсү Ирактын Рамади жана Фаллужа шаарларында исламчыл козголоңчулар ээлеп алган полицияканаларды коопсуздук күчтөрү кайра кайтарып алышканы тууралуу айтылгандан кийин белгилүү болду. Анбар провинциясында коопсуздук күчтөр менен козголоңчулардын атышуулары дүйшөмбүдөгү рейдден кийин башталган эле. Өткөн дүйшөмбүдө бул жерде бийликтер козголоңчулардын нааразылык лагерин күч менен буздурушкан.

XS
SM
MD
LG