Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:25

Түштүк Судандагы атышууларды токтотуу сүйлөшүүлөрү болбой калды


Өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулардын атышууларынан качкан адамдар Бор шаарында, 30-декабрь, 2013
Өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулардын атышууларынан качкан адамдар Бор шаарында, 30-декабрь, 2013
Эфиопиянын баш калаасы Аддис-Абебада дүйнөдөгү эң жаш мамлекет Түштүк Судандагы куралдуу кагылыштарды токтотууга арналган сүйлөшүүлөр бүгүн болбой калды. Ал белгисиз мөөнөткө жылдырылганы кошумчаланды. Бүгүн сүйлөшүүлөргө каршылашкан тараптар: президент Салва Киир менен мурдагы вице-президент Риек Машардын өкүлдөрү катышыш керек эле. Алар үч аптага созулган кан төгүүлөрдү токтотуунун жолдорун талкуулашмак.

Бириккен улуттар уюму декабрдын ортосунда башталган конфликттин айынан 200 миңдей киши үйлөрүн таштай качканга мажбур болгонун, зөөкүрчүлүк дале уланып жатканын билдирди. Кеминде 1000 адам өлгөнү кабарланууда. АКШнын элчилиги өзүнүн жарандарынын баарын өлкөдөн чыгып кетүүгө үндөдү. Бор шаарында айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG