Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Бангладеште миңдеген демонстрант шайлооканаларга чабуул койду


Бангладеште миңдеген демонстрант шайлооканаларга чабуул коюп, бюллетендерди уурдап кетишти. Полиция бүгүнкү шайлоо маалында оппозициянын тарапкерлери 200дөн ашуун шайлоо бекетине өрт коюшканын, кагылыштарда кеминде 13 адам набыт болгонун кабарлады. Оппозиция болсо шайлоону “шерменде көз боёмочулук” деп атап, ага бойкот жарыялаган.

Премьер-министр Шейх Хасина шайлоо маалында бийликтен кете туруудан баш тарткан. Бул оппозициянын талабы болчу. Өкмөт башчынын “Авами лигасы” шайлоодо оңой эле жеңет деп күтүлүп жатат.

Шайлоо өнөктүгүндө кан төгүүлөр менен коштолгон демонстрацияларда 150гө жакын киши мерт болгон. Бүгүн өлкө боюнча коопсуздукту камсыз кылууга 50 миңдей аскер тартылганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG