Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо cүйлөшүүлөрү уланат


Кыргыз өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр кийинки апталардан тарта уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, январда үч ирет жолугушуу өткөрүү макулдашылды. Анда эки өлкөнүн чек арасын тактоодогу эң маанилүү делген маселелер каралмакчы. Буга чейинки жолугушуу 23-декабрда Ташкент шаарында өткөн.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы тактала элек. Былтыр эки өлкө чек арасында бир нече жолу чыр чыгып, адам өмүрү да кыйылган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG