Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Украина: 10 миң адам майданга чогулду


Жекшембиде Киевдеги Төбөлсүздүк майданына 10 миңге жакын адам чогулуп, жаңы жылдагы алгачкы нааразылык акциясын баштады. Алар өткөн жылдын соңундагыдай эле Украинанын Евробиримдик менен интеграцияны талап кылышты. Өткөн жылдын ноябрында президент Виктор Януковичтин Евробиримдик менен ассоциациялык келишимге кол койбой койгону нааразылыкты жаратып, бир нече апталарга созулган акцияларга себеп болгон эле. Анда жүз миңдеген демонстранттар Киевдин борбордук аянтына түнөшүп, баррикадаларды орнотушкан.

Демонстрациялар маалында Орусия Украинага төмөн баада газ жана 15 миллиард долларлык насыя берүүгө макул болгон. Муну орус бийликтери “бир туугандык” жардам катары сыпаттаган. Бирок евроинтеграцияны жактаган оппозиция бул жардамды Украинаны Евробиримдиктен алыстатуу аракети катары сындаган болчу.

Эми оппозиция өкүлдөрү дүйшөмбүдө белгиленчү Рождество майрамынан соң өз тарапкерлерин кайрадан майданга чыгууга үндөп жатат.

XS
SM
MD
LG