Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Мырзакматовдун талапкерлиги каттоодон өтө элек


Ош шаардык кеңешиндеги “Улуттар биримдиги” жана НДПК фракциялары биригип, калаа башчылыгына мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун талапкерлигин көрсөтүшөт. Учурда бардык документтер даярдалды, азырынча каттоодон өтө элек. 8-январга чейин шаардык шайлоо комиссиясына тапшырылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Улуттар биримдиги” фракциясынын лидери Рысбек Мырзаматов билдирди.

Буга чейин шаардык кеңештеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция мэрлик кызматка Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Айтматат Кадырбаев мурдагы Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча дирекциянын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Бишкек жана Ош шаар башчыларын шайлоо 15-январга белгиленген. Талапкерлерди каттоо 8-январда аяктайт. (SE)

XS
SM
MD
LG