Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:07

Чүйдө өрт кырсыгы бир өмүрдү жалмады


Панфилов районунун Чалдовар айылынын 66 жаштагы тургуну Василий Воронцов өз үйүндө өрттөн каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Окуя 5-январга караган түнү болгон.

Электр шаймандарын туура эмес колдонуудан келип чыккан өрттөн үй ээси мерт кетип, турак-жайдын чатыры, керебет жана электр плитасы күйүп кеткен.

Министрликтин маалыматы боюнча соңку кездери өлкө аймагында күн сайын орто эсепте 15-20 өрт кырсыгы катталууда. (SE)
XS
SM
MD
LG