Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:03

Ырчыны көзгө аткан адам кармала элек


“Алтын үн” ыр фестивалында Гран-приге ээ болгон 17 жаштагы Темирлан Мукашевди көзгө аткан адамдар кармала элек. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “адамдын ден соолугуна атайлап оор залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр изделүүдө.

Темирланды 31-декабрдан 1-январга караган түнү Бишкектеги кафелердин биринде белгисиз адамдар травматикалык тапанча менен көзгө атып кетишкен. Жараат алган жигиттин ата-энеси окуяны фестивалдагы көрө албастыкка байланыштырууда. Ал эми конкурстун уюштуруучулары мындай божомолду четке кагып жатышат.(BkA)

XS
SM
MD
LG