Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:40

Акун адам укуктары боюнча абалга баа берди


Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун 2013-жылдагы адам укуктары боюнча талдоо жасады. Акундун отчетунда сөз эркиндиги жанак кыйноолорду азайтуу жаатында мурдагы жылдарга салыштырмалуу алга жылуулар бар экендиги айтылат. Ал эми сот тармагын реформалоо жагы бийликтин каалоосу менен гана жүрүп жатканы белгиленет. Акун муну оппозиция лидерлерин актаган соттордун жумуштан алынышы менен негиздеген. Андан сырткары, оппозициячыл көз караштагы кишилердин камакка алынышын куугунтук катары сыпаттаган.

Экс-акыйкатчы саясий лидерлерди колдоп жол тосуу жана мамлекеттик кызматкерлерди барымтага алуу акцияларын да адам укугунун одоно бузулушу катары белгилеген.

Акундун отчетунда Кыргызстанда аялдардын, жашы жетелектердин жана этникалык азчылыктардын укуктарын одоно бузуу фактылары азайбай жатканы да жазылган.

Турсунбек Акун омбудсмендик кызматтан 2013-жылдын июнь айында бошотулган.
Парламент криминалдык чөйрөнүн анабашы делген Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонуп кетишине байлап, жайкы эс алууга кетээр алдында Акунду кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарган. (SE)

XS
SM
MD
LG