Бишкек шаардык кеңештеги “Республика” фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев мэрликке талапкерди тандаша электигин “Азаттыкка” маалымдады. Ага ылайык, азыр сүйлөшүү, кеңешүү процесстери уланууда. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Союзбек Салиев талапкерди аныктоо үчүн аталган фракция бүгүн түштөн кийин чогуларын билдирди.
Талапкерлерди каттоо 8-январда аяктайт. Бишкек жана Ош шаарынын мэрлерин шайлоо 15-январда өтмөкчү. (EBM)
Талапкерлерди каттоо 8-январда аяктайт. Бишкек жана Ош шаарынын мэрлерин шайлоо 15-январда өтмөкчү. (EBM)