Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Кыргызстанга Сауд Арабиянын шахзадасы келет


Сауд Арабиянын шахзадасы Халед Сауд бин Халед Аль Сауд баштаган делегация Бишкекте 7-9-январь күндөрү болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Иш-сапар учурунда эки өлкөнүн бирегелешип иштешүү багыттарын аныктаган макулдашууга кол коюлат.

Коноктор Өкмөт жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү менен жолугуп, Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Шахзада Халед Сауд бин Халед Аль Сауд 1975-1982-жылдары Сауд Арабияны башкарган Халед бин Абдель Азил Аль Сауддун небереси. (SE)

XS
SM
MD
LG