Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Бишкекте эки кичи автобус кагышты


Бишкектин Чүй көчөсүндө бараткан эки маршруттук унаа кагышып, бир нече киши жабыркады. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык Жол кайгуул кызматынан кабарлашты.

Бир багытта бараткан “Мерседес-Спринтер” үлгүсүндөгү №220 жана №152 маршруттук таксилер бүгүн саат 14:30дар чамасында кагылышкан. Эки унаанын ичинде тең жүргүнчүлөр болгон. №220 унаа алдыдагы машинени сүзүп алган. Олуттуу жабыркагандар жок.

Кагылышкан унаалардын бири “Мейкин”, экинчиси “Юрам” транспорт агенттиктерине таандык. Эки унаа тең машинелерди убактылуу токтотуучу жерде турат. Териштирүү иштери уланууда.

Жаап өткөн карга байланыштуу борбор калаада жолдор тайгак болору буга чейин эскертилген. (SE)

XS
SM
MD
LG