Бишкек шаардык кеңешиндеги “Ата Мекен” фракциясы бүгүн жыйынга чогулуп, борбор калаанын мэрлигине өз талапкерин аныктайт. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Союзбек Салиев кабарлады. Анын айтымында, фракция мүчөлөрү дүйшөмбү күнү да жыйынга чогулуп, бирок бирдиктүү талапкерди тандай алган эмес.
Бишкек жана Ош шаар башчыларын шайлоо 15-январга белгиленген. Талапкерлерди каттоо 8-январда аякташы керек. Буга чейин шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясы мэрликке талапкер катары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Кубанычбек Кулматовду көрсөткөн. Ал дүйшөмбүдө мамлекеттик тил боюнча сынакты тапшырды. Ал эми Бишкек шаардык кеңештеги “Республика” фракциясы мэрликке талапкер тандай электигин “Азаттыкка” маалымдаган. (BkA)