Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Мушарраф сотко кайрадан келбей калды


Пакистандагы атайын трибунал мурдагы президент Первез Мушарраф сотко келбей койгон соң, анын саламаттыгын текшерүүнү талап кылды. Мушаррафтын адвокатынын айтымында, мурдагы өлкө жетекчиси жүрөк оорусунан улам сотко келе албай калган. Өткөн бейшембиде Мушарраф сотко бараткан жеринен жүрөгү кармап, ооруканага жаткырылган. Ага чейин да ал эки ирет коопсуздугунан чочулап, сотко келбей койгон эле. Анда “эгер Мушарраф дагы бир жолу атайын трибуналдагы угууга катышпай койсо, камалат” деп эскертилген болчу. Мушаррафтын адвокаты Ахмед Риза Касури сот экс-президенттин саламаттыгынын абалын эске алат деп ишенээрин билдирди.

70 жаштагы генерал Мушарраф 2007-жылкы тополоң учурунда Конституцияны убактылуу иштен чыгарып, өзгөчө кырдаал киргизгени үчүн “мамлекетке чыккынчылык кылган” деп күнөөлөнүүдө. Ал өзүнө каршы ачылган иштерди “саясий себептер менен” түшүндүрөт. Мурдагы президент 1999-2008-жылдар аралыгындагы башкаруусуна байланыштуу дагы башка кылмыштар үчүн да айыпталып жатат.

XS
SM
MD
LG