Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев кызматын тапшыруу тууралуу бүгүн Уламалар кеңешине арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзү маалымдады. Анын айтымында, муфтийдин милдетин анын буга чейинки биринчи орунбасары Нурлан Танабаев убактылуу аткарып турмакчы.
Эгембердиев муфтийликтен кетишине анын айланасындагы соңку окуялар себеп болгонун билдирди жана муну өзүнө карата Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев баш болгон топтун кысымы катары баалады.
Ал эми Жумабаев мындай билдирүүгө негиз жок экенин айтууда.
Рахматулла ажы Эгембердиевдин жаш аял менен сүйүү ышкысына батып жатканы тартылган тасма интернетке 31-декабрда жайылган. 6-январь күнү диний кызматкерлер баштаган алтымыштай адам муфтияттын жанына чогулуп, Эгембердиев мындан ары бул кызматты аркалоого моралдык укугу жок экенин билдиришкен. (SE\UEz\ZB)