Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

АКШ жана Канадада күндүн суугу рекорддук чекке жетти


АКШда акыркы 20 жылдагы катуу сууктун айынан дүйшөмбү күнү үч миңден ашуун учак учпай калды. Айрым штаттарда мектептер жана ишканалар жабылды.

Чикаго шаарында абанын температурасы Цельсий боюнча 25 градуска чейин төмөндөдү. Метеорологдордун маалыматы боюнча, Аппалач тоо кыркаларынын орто жагында температура 45 градуска чейин төмөндөйт. Түндүк Дакота штатында -51 градус катталды.

Мындай суукка Канададан АКШга келген ири арктикалык аба себеп болууда. Канадада абанын температурасы болуп көрбөгөндөй төмөндөдү. Торонтодо -29, Квебек-Ситиде -36 градус болууда.

Суук эми АКШнын Атлантика жээгине жетет деп күтүлүүдө. Бул жакта өткөн жумада калың кар жааган. (AiK)

XS
SM
MD
LG