Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Миграция саясаты боюнча документ талкууга коюлат


Миграция саясатын аныктоо боюнча документ март айында коомдук талкууга коюлат. Учурда аны иштеп чыгуунун экинчи этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу миграция, иммиграция маселесин жеңилдетүү үчүн президенттик аппараттын алдында түзүлгөн жумушчу топтун жетекчиси Айгүл Рыскулова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, миграция боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда дүйнөдөгү процесстерден тарта демографияга чейинки маселелер камтылат. Жумушчу топ сырткы жана ички миграция маселесине арналган бардык маалыматтарды топтоп, ушул багытта мамлекеттик саясатты иштеп чыкканга жардам берет.

Кыргызстандын жүз миңдеген жараны чет жакта эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын көпчүлүгү Орусияда жана Казакстанда. Аймактарда иш жоктугунан ички мигрант болуп борбор шаарлар Бишкек жана Ошко агылгандар да аз эмес. Эксперттер миграция маселесине жакшы көңүл бурбайт деп, бийликти сындап келишет. (SE\BuS)

XS
SM
MD
LG