Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:45

Түркияда 350 полициячы кызматтан кетти

Анкарада 350 полиция кызматкери кызматтан бошотулду. Dogan News маалымат агенттиги кабарлагандай, өткөн түнү өкмөттүн буйругу жарыяланып, ага ылайык, каржы, кибер кылмыштар, уюшкан кылмыштуулукка каршы иштеген бөлүмдөрдүн жетекчилери жумуштан кетишти.

NTV түрк телеканалынын маалыматы боюнча кызматтан алынган полиция кызматкерлеринин ордуна аймактарда иштеген кызматкерлер дайындалды.

Түркияда декабрдын ортосунан тарта ири коррупциялык иштерди иликтөө башталган, ага байланыштуу укук коргоо органдарынан жүздөгөн полиция кызматкерлери жумуштан кеткен жана башка кызматка дайындалган. Бир нече министр иштен бошотулган.

Аталган чараларга бийлик саясий чыңалуунун фонунда барууда. (AiK)
XS
SM
MD
LG