Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:48

Румыниянын мурдагы премьери коррупция үчүн камалды


Румыниянын мурдагы премьер-министри Адриан Нэстасе өкмөт башчы болуп турганда пара алган деген айып менен төрт жылга кесилди. Экс-премьер ага тийиштүү эки үйдүн курулушуна жана импорттолгон курулуш материалдарына байланыштуу 630 миң евро алган.

Өкмөткө курулуш иштери боюнча кызмат көрсөткөн мамлекеттик ишкананын башкы инспектору төрт жылга соттолду. Мурдагы премьердин аялы үч жылга шарттуу кесилди.

Адриан Нэстасе 2000-2004-жылдары премьер-министр болуп иштеген. 2012-жылы башка коррупциялык иш боюнча айыпталып, 2 жылга кесилгенде өзүн өзү моюнга атып, ооруканда көпкө жаткан. (AiK)

XS
SM
MD
LG