Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Максат Токтомушев муфтийдин милдетин аткарууга киришти


Бишкекте Уламалар кеңеши жыйын куруп, муфтийдин милдетин аткарууга Максат Токтомушевди шайлашты. Ал буга чейин муфтийдин орунбасары болуп иштеген. Жыйынга кеңештеги 35 мүчөнүн 25и катышып, Токтомушевдин талапкерлигин колдошту. Анын бул кызматты биротоло аркалап кетиши же ордуна башка адам шайланары 8-февралда боло турган кыргызстандык мусулмандардын курултайында аныкталат. Токтомушевдин талапкерлиги кеңеш тарабынан көрсөтүлгөн.

Буга чейинки муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев кызматын тапшыруу тууралуу бүгүн Уламалар кеңешине арыз жазган. Ал муфтийдин милдетин 1-орунбасары Нурлан Танабаев убактылуу аркалап турарын “Азаттыкка” билдирген болчу.

Эгембердиев муфтийликтен кетишине анын айланасындагы соңку окуялар себеп болгонун билдирген жана муну өзүнө карата Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев баш болгон топтун кысымы катары баалаган эле.
Жумабаев мындай билдирүүгө негиз жок экенин “Азаттыкка” айткан.

Эгембердиевдин жаш аял менен төшөктөгү мамилеси тартылган тасма интернетке 31-декабрда жайылган. Муфтий видеодогу айым өзүнүн жубайы экенин айткан. 6-январь күнү диний кызматкерлер баштаган алтымыштай адам муфтияттын жанына чогулуп, Эгембердиев мындан ары бул кызматты аркалоого моралдык укугу жок экенин билдиришкен. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG