АКШнын Сенаты президент Барак Обама тарабынан сунушталган Жанет Йелленди Федералдык резервдик системанын жетекчиси катары бекитти. 56 сенатор колдоп, 26сы каршы добуш берди.
Ошентип, АКШда борбордук банктын функциясын аткарган Федералдык резервдик системаны биринчи жолу аял жетектеп жатат. 67 жаштагы Йеллен Бен Бернанкенин ордуна келди. Йеллен жумшак монетардык саясатты колдойт.
Йеллен 1994-жылдан бери Федералдык резервдик системанын башкаруу кеңешине шайланып, андан бери жетекчилик кызматтарда иштеп келет.
1997-1999-жылдары президент Билл Клинтондун экономика боюнча жардамчыларынын кеңешинин төрагасы болгон. 2004-2010-жылдары Сан-Францисконун резервдик банкынын башчысы болуп иштеген. (AiK)