Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Рахматулла Эгембердиев президентке кайрылды


Мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиев “Азаттык” радиосу аркылуу президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, өзүнүн айланасында болуп жаткан окуялардын дыкат иликтенишин көзөмөлгө алуусун суранды.

Ал жаңы жыл майрамынан бери өзүнүн тегерегинде болуп жаткан иштер анын укугун тебелеп жатканын айтып, күч органдарына арыз жазганын да кошумчалады.

Эгембердиев бүгүн муфтийлик кызматты тапшыруу тууралуу арызын жазган. Уламалар кеңеши анын ордуна муфтийдин милдетин убактылуу аркалоого Максат Токтомушевди шайлады. Токтомушев буга чейин муфтийдин орунбасары болгон.

Рахматулла Эгембердиев өзүнө байланыштуу окуялар атайын уюштурулуп жатканын айтууда. Анын жаш аял менен төшөктөгү мамилеси тартылган тасма интернетке 31-декабрда жайылган. Экс-муфтий видеодогу айым өзүнүн жубайы экенин айткан. 6-январь күнү диний кызматкерлер баштаган алтымыштай адам муфтияттын жанына чогулуп, Эгембердиев мындан ары бул кызматты аркалоого моралдык укугу жок экенин билдиришкен. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG