Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Британ мыйзам чыгаруучулары Тегеранга келди

Британиялык мыйзам чыгаруучулар 2011-жылы Лондон жана Тегерандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер бузулган соң, биринчи жолу Иранга келишти. Британия Тегерандагы элчилигин 2011-жылы Батыштын санкцияларына каршы чыккандардын чабуулунан кийин жапкан. Ирандын Лондондогу элчилиги да чыңалуу күчөгөндө жабылган эле. Эки өлкөнүн мамилелери Хасан Роухани 2013-жылдын август айында президент болгондон кийин жакшырды. Британия ноябрда Иран менен анын өзөктүк программасына байланыштуу утурумдук келишим боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн алты державанын бири. (AiK)
XS
SM
MD
LG