Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 20:54

Мерабишвили “Грузин кыялын” сындады


Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча соттолуп жаткан Грузиянын мурдагы премьер-министри жана экс-ички иштер министри Вано Мерабишвили “Грузин кыялы” башкаруучу коалициясын ал бийликке келгенден кийин өлкөнүн экономикасын талкалады деп айыптады.

"Жылдын бюджеттик перспективалары" деген макалада Мерабишвили миллиардер Бидзина Иванашвилинин шериктери бюджеттин акчасын популисттик кадамдарга, атап айтканда электр энергиясы жана газ үчүн бааны төмөндөтүүгө сарптаганын сындады. Макалада өлкөнүн экономикасы боюнча башка мисалдар да келтирилген.(AiK)

XS
SM
MD
LG