АКШда акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй катуу сууктун айынан мектептер жабылып, коомдук транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Синоптиктердин маалыматында, “Арктиканын ызгардуу аязы” өлкөнүн чыгышын көздөй багыт алып, жакынкы күндөрү Огайо, Пенсильвания, Нью-Жерси штаттарына жана Нью-Йорк шаарына жетиши мүмкүн.
Ал эми Чикаго шаарында абанын температурасы Цельсий боюнча 27 градуска чейин төмөндөдү. Сууктун айынан эки миңден ашык учак каттамдары учпай калды. Шаардагы ызгаардан улам зоопарк кызматкерлери Арктикадан алынып келген ак аюуларды жабык жайга киргизүүгө мажбур болушту. Ал эми Кентукки штатында түрмөдөн качып кеткен адам суукка чыдай албай, кайрадан түрмөгө өз эрки менен кайтып келген.