Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Марс Жусупбековдун соту уланат


Бүгүн Бишкектеги №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбековдун үстүнөн сот жараяны уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жусупбеков өзү кабарлады. Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту кароодо.

Марс Жусупбековго өткөн жылдын ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” жана “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкан” деген беренелер боюнча айып тагылган. Ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, 23 - декабрда соттун чечими менен “эч жакка кетпөө тууралуу” тил каттын негизинде үй камагына чыгарылган. Жусупбековго кылмыш ишин козгоого сентябрь айындагы интернетке жарыяланган видео тасма себеп болгон. Бул тасмада №1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов жана бир нече адам бири-бирин Айт майрамы менен куттуктап, манты жеп жатканын, дагы бирөөнүн телефон менен сүйлөшкөнүн көрүүгө болот.

Марс Жусупбеков өзүнө тагылган айыпты четке кагып, абактагы Юсуповго мындай өзгөчө шарт Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин көрсөтмөсү менен түзүлгөнүн билдирүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG