Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Мигранттын сөөгүн алып келүү үчүн акча чогултулууда


Москвада 6-январь күнү киши колдуу болгон кыргызстандык Жээнбек Мукашевдин сөөгүн алып келүү үчүн акча чогултулууда. Каражатты маркумдун Москвада иштеп жаткан тааныштары топтоп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жээнбектин тааныштарынын бири Улан Апеев билдирди.

Орусиядагы кыргыз элчилиги да маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн жардам берерин кабарлаган.

Жээнбек Мукашев Тоң районунун тургуну, 20 жашта болчу. Иштеп келүү максатында Москвага 2013-жылдын сентябрында барган. Анын сөөгү шаардын чыгыш тарабындагы гүл саткан дүкөндүн жанынан табылган. Алгачкы маалыматтарда Жээнбек Орусияга эки жума мурун барганы айтылган болчу.

Кыргыз элчилиги Москвадагы тийиштүү кызматка кайрылып, окуяга жооптууларды кармоо иштерин тездетүүнү суранды. Орусиянын укук коргоо органдары бул боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бүгүн эртең менен да Подмосковьеде кыргызстандык эки жаран октон жараат алып, ооруканага түштү. Милициянын маалыматында аларды жергиликтүү тургун аңчылык кылуучу мылтык менен аткан. (SE\ZB)

XS
SM
MD
LG