Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Марс Жусупбековдун соту жылды


Бишкектеги №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбековдун соту 10-январга жылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жусупбеков өзү кабарлады. Соттук жараян күбөлөр толук келбегенге байланыштуу жылдырылган. Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат.

Жусупбековго 2013-жылдын ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” жана “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкан” деген беренелер боюнча айып тагылган.

Ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, 23-декабрда үй камагына чыгарылган. Кылмыш иштин козголушуна сентябрь айында интернетке жарыяланган тасма себеп болгон. Видеодо №1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов жана бир нече адам дасторкон четинде бири-бирин Айт майрамы менен куттуктап, дагы бирөөнүн телефон менен сүйлөшкөнү көрсөтүлгөн.

Марс Жусупбеков өзүнө тагылган айыпты четке кагып келет. Ал абактагы Юсуповго мындай өзгөчө шарт Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин көрсөтмөсү менен түзүлгөнүн билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG