Таш-Көмүр шаарында жергиликтүү тургундардын алты бодо малын жана үч музоосун уурдап кетти деген шек менен үч адам кармалды. Алар жергиликтүү милицияда сурак берип жатат. Уурулук декабрь айында болгон.
Өткөн жылы Жалал-Абад облусунун аймагында мал уурулугу боюнча 190 учур катталган. Кылмыштардын 81 пайызынын бети ачылып, мал ээлерине келтирилген зыяндын жарымы кайтарылган. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Милициянын маалыматында, аймакта уурдалган мал көбүнчө коңшу Өзбекстанга өтүп кетет. (YA)