Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:01

Египетте Мурсинин соту кийинкиге калды


Египеттин кулатылган президенти Мухаммед Мурсинин соту 1-февралга калтырылды. Кабарларда «аба-ырайыга байланыштуу Мурси бүгүн түрмөдөн сотко жете албай калды» деген соттун сөзү айтылууда. Мурси жана «Мусулман агайындар» кыймылынын дагы 14 мүчөсү 2012-жылы декабрда оппозициячыл демонстранттарды өлтүрүүгө шыкакчы болгон деп айыпталууда. Күнөөлүү деп табылса, алар өлүм жазасына кесилип, же өмүрүнүн аягына чейин абакта отурушу мүмкүн. Демократиялык жол менен шайланган Мурси былтыр жайда массалык демонстрациялардан кийин армия тарабынан кулатылган. Андан бери өлкөдө Мурсинин исламчыл колдоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылыштарында жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG